Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтындагы атайын эсептегичинен Кыргызстандын ИДПсы 1 триллион 21 миллиард сомдон ашканын көрүүгө болот. Эсептегичтеги сандар дагы да өсүп жатат.
Буга чейин 22-ноябрда аталган министрлик ноябрь айынын аягында өлкөнүн ИДПсы биринчи жолу 1 триллион сомго жетүүсү күтүлүүдө деп билдирген.