"Миллиондогон долларлар". УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулун кармады (фото)

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Сан Борис Анатольевичтин уулу Сан Александр Борисович кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ага 21-ноябрда кылмышка шериктеш болгон деген айып тагылып, 2024-жылдын 4-январына чейин УКМК тергөө абагына киргизилди.

"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, алар Турсунтай Салимовго (ИТТИПАК уйгур диаспорасынын лидери, “Мадина” базарынын негиздөөчүсү) таандык болгон мурунку бала бакчанын (азыркы “Роял спорт” ден соолукту чыңдоо комплексинин) аймагына көп кабаттуу премиум турак жай курууну пландап жатышкандыгы аныкталган. Көп кабаттуу үйдү курууну баштоонун шарттарынын бири катары курулуш компаниясы турак жайдын курулушун бүткөрүүнүн кепилдиги жана күрөө катары кымбат батирди бериши шарт болгон. Андан кийин, турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган. Бирок Салимов Ильшат Турсунтаевич 2020-жылдын январь айында Сан А.Б жана Камчы Көлбаев менен сүйлөшүп алып, басым көрсөтүү жана күч колдонуу менен коркутуп, премиум класстагы курулуш компаниясына таандык кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алышкан", - деп билдиришти УКМКдан.

Кийинчерээк бул батирди Камчы Көлбаев Чолпон-Ата шаарындагы имараты бар жер участогуна (мурдагы “Зодиак” казиносу, Сан Б.А.га таандык) соода борборун куруу максатында алмаштырып алган. Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн батир экс-депутат Сан Борис Анатольевичтин (“Сан-Сити” комплексинин, “Золотой Дракон” ресторанынын, мурунку “Сан-клуб” казиносунун ээси) Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга катышкан уулунун - Сан Александр Борисовичтин наамына катталган.

Ошондой эле Сандын үй-бүлөсү 59 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жалпы баасы 80 миллион долларды түзгөн коммерциялык багыттагы мүлккө ээ экендиги боюнча маалымат алынган.

"Тактап айтканда, Бишкек шаарында 50 миллион долларды түзгөн кыймылсыз мүлк, анын ичинде учурда курулуш жүрүп жаткан, аянты 20 800 чарчы метр мурдагы “Сан сити” комплекси. Ысык-Көл облусунда - кыймылсыз мүлк объектилери (“Ак-Марал” эс алуу борборундагы К.Асанбектин коттедждеринин жанында жайгашкан коттедждер, алардын туруктуу байланыштарын көрсөтүп турат), ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналарда жайгашкан баасы 15 миллион долларлык, жалпы аянты 12,9096 чарчы метр (12,9 га) жер участоктору. Чүй облусунда - баасы 15 миллион долларлык, жалпы аянты 201 000 чарчы метр (20,1 га) жер тилкелери. Ошондой эле, Сандын үй-бүлө мүчөлөрү курулуш, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси жана дүң жана чекене соода тармагындагы 11 ЖЧКнын тең түзүүчүлөрү болуп саналышат, ошондой эле Кыргызстандыын чегинен тышкары жакта ишканалары бар экени аныкталган", - деп кошумчалашты УКМКдан.

Учурда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-11-28 14:15:00
Окуп бүткүчө жакамы кармадым, Карапайым калк балдарын жогорку окуу жайга окута албай, окутса дагы тыйын берип жумушка киргизе албай, айла жок Россиялап тентип окендерге кор болуп балдарын сагынып арзыбаган тыйынга байланып жүрүшөт, а бул жерде Сан-пан, солим-полимдериң Кыргыздын башына шордуу чайдан кайнатып коюп каалашынча тайраңдап жүрүшөт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан