Ош шаарынын мэриясы тарабынан мыйзамсыз, келишим эрежелерин сактабаган коомдук тамактануучу жана соода жайлары буздурула баштады. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буфердик зонада жайгашкан «Green Hоuse» кафесин, Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын алдындагы жашыл аймакта жайгашкан «Сансара» кафесин, ошондой эле гүл жана соода-сатык багытындагы түйүндөрүн алып салуу иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, аталган жайлардын ээлерине буга чейин Ош шаарынын мэриясы, тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан бир канча жолу эскертүүлөр берилген, бирок аткарылган эмес.