Биз социалдык тармакта

"Эки жүздүүлүк кылбаңыз". Арсланбек Малиев туунун автору ага кечээ башка вариант көрсөткөнүн айтты

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында тууну алмаштыруу маселеси каралууда.

Анда депутат Арсланбек Малиев жаңы сунушталып жаткан туудагы чамгарактар туура эмес экенин айтып, туунун авторлоруна кайрылды.

"Чамгарактар туура эмес, ким жооп берет?" деди Малиев.

Депутатка туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков жооп берди.

"Аны астынан караганда ар кандай көрүнөт. Түз караганда кресть өңдөнүп калат экен", - деп жооп берди.

"Сиз эки жүздүүлүк кылбаңыз, туурасын айтсаңыз. Кечээ мага башка вариантын көрсөткөнсүз, эми бул жакка келип башкача сүйлөп жатасыз", - деди Малиев.

Арсланбек Малиев туунун автору ага кечээ башка вариант көрсөткөнүн айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан