Биз социалдык тармакта

Бишкекте директорлор үчүн сынак болуп, тогуз талапкер жогорку упай алды

Кечээ, 28-ноябрда башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорунун бош кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөөдөн 9 адам өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тестирлөө 3 нөөмөттө өтүп, ага жалпысынан 153 талапкер катышты.

Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн талапкерлердин тизмеси:

- Элеонера Ишеекева – Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
- Максат Төлөбаев – Бишкек шаарындагы №20 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
- Тургунбек Токтосунов – Ысык-Ата районундагы №1 кесиптик окуу жайынын директорлугуна талапкер;
- Алмагүл Исраилова жана Анаркүл Серекова – Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейдин директорлугуна талапкер;
- Болот Иманалиев жана Венера Топонова – Бишкек агроэкономика колледжинин директорлугуна талапкерлер;
- Сайрагүл Акмолдоева жана Алмаз Азаматов – Каракол педагогикалык колледжинин директорлугуна талапкерлер;

Белгилей кетсек, тестирлөө Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 23-июнунундагы №312 Токтомунун негизинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан ишке ашырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан