
Орусия жарандыгын жеңилдетилген шартта ала турган кесиптердин тизмеси жаңыланды. Өзгөрүүлөр тууралуу РУДНдин экономика факультетинин доценти Андрей Гиринский Прайм агенттигине билдирди.
"Чет элдиктердин Орусиянын жарандыгын алуусуна жеңилдик берген кесиптердин тизмесинин өзгөрүшү экономикалык алкактан алып караганда миграциялык агымды оптималдаштыруу жана жөнгө салууга аракет болуп саналат", — деди Гиринский.
Маалыматка ылайык, Эмгек министрлиги тизмени кайсы кадр жетишпей жатканын карап кеңейткен. Мында педагогдор, медиктер, айыл-чарба жана азык-түлүк өнөр жайынын кызматкерлери бар. Ошондой эле жаңы тизмеге геологиялык чалгындоо, курулуш жана кайра иштетүү тармагы, ошондой эле IТ-кесиптер кирген. Ал 15-декабрдан тарта күчүнө кирет.
Ал эми муктаждык аз болгон кесиптер тизмеден алынды. Алардын катарында жогорку квалификацияны талап кылбаган жумушчулар бар.