Чүйдө тургундун үйүнөн граната жана ок-дарылар алынды

Чүй облусунун тургунунан мыйзамсыз сакталган курал-жарак жана ок-дарылар алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Д. аттуу жарандын деструктивдүү аракеттерине бөгөт коюлду.

Аталган жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда Симонов системасындагы ок-дарылары (7,62 мм.) менен карабин, Калашников автоматынын (5,45 мм) патрондору жана 9 мм калибрдеги тапанчанын патрондору табылды. Ошондой эле атайын жабдыктар (рация, сигналдык тапанча), атайын жабдуулардын комплекттери (аскердик жүк түшүрүүчү жилет, бет кап, коргоочу каскалар), РГД-5 үлгүсүндөгү жасалма граната жана колго жасалган жардыргыч түзүлүштүн тетиктери табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

Табылган жана алынган материалдар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан