Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш тармагында бир катар мыйзам бузууларды аныктап, жеринен чаралар көрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Г.Айтиев, 16А көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу тамактануучу жайдын имаратынын курулушу соттун чечиминин негизинде мыйзамсыз деп табылып, буздуруу иш-чаралары жүргүзүлдү.
"Курулушту тартипке келтирүүнү директор Нурдан Орунтаев жеке өзү көзөмөлдөдү. Андан сырткары, ар бир курулуш же имаратты пайдалануу мыйзам талаасында гана жүргүзүлөрүн эскертти", - деп айтылат маалыматта.