Кыргызстандын регби боюнча улуттук курама командасы Ташкент шаарында өткөн Борбор Азия ачык биринчилигинде 3-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-2-орундарды Өзбекстандын командалары жеңди.
Белгилей кетсек, мелдеш 23-24-ноябрь күндөрү өтүп Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын курама командалары катышты.