Биз социалдык тармакта

Бишкекте бардык шарттары бар мамлекеттик мончо ачылды (фото)

Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндө жаңы мончо ачылып, шаардыктарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, имарат эки кабаттан туруп, жалпы аянты 2705,41 чарчы метрди түзөт. Анда 240 орундуу (120 эркек жана 120 аял), буу бөлмөсү, бассейн, гардероб, массаж бөлмөсү, сулуулук салону, эс алуу бөлмөсү, намазкана жана ашкана, майыптыгы бар жарандар үчүн лифт, автопарк бар.
"Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Бардык ыңгайлуулуктары бар жана жеткиликтүү баада жаңыланган жана заманбап комплексте эски жана жаңы досторду, жакшы буу сүйүүчүлөрүн күтөбүз, иштөө режими – күн сайын эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 22:00гө чейин", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан