Биз социалдык тармакта

"Жаан жаайт". Эртеңкиге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 30-ноябрда Чүй, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусуна түнкүсүн жана күндүз +5…+10 даража,

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10 градус болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +8…+13кө чейин жетет.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз +3…+8 даражага чейин жылыйт.

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан