Биз социалдык тармакта

Барпыдагы мечит эми ФАП же мамлекеттик дарыкана болот

Жалал-Абад облусунда мечит курууга мыйзамсыз уруксат берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун бүгүн, 29-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Барпы айылында 2022-жылдын аягында Ч.М. аттуу жаран үйүнүн короосуна өз алдынча мечит куруп алганы аныкталган. 2023-жылдын март айында Жалал-Абад облусундагы диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүү максатында УКМКнын демилгеси менен түзүлгөн комиссия мечиттин иштешин токтотуп, 7500 сом өлчөмүндө административдик айып салган.

Ага карабастан жаран башка айылдардын тургундарынын колдорун чогултуп, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын, Жалал-Абад облусунун казыятынын, Сузактагы архитектура бөлүмүнүн жардамы менен уруксат кагаздарын алган. Ошол эле учурда аталган мечитте мыйзамда тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн зыярат кылуу фактылары белгиленди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-берененин 1-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголуп, уруксат берген жетекчилерге юридикалык баа берилет.

Берилген документтер жокко чыгарылып, мечит Сузак районунун Барпы айылынын тургундарынын муктаждыгы үчүн ФАП же мамлекеттик дарыканага айландырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-11-30 08:38:00
Туура. Бизге сыйына турган жай эмес, оорукана, дарыкана керек. Сыйынуучу жайлардын ордуна жол, каналдарын салгыла, ошондо элдин көйгөйү чечилет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан