Биз социалдык тармакта

Баткендеги чек арада жайгашкан Самаркандек айылында жаңы оорукана курулду

Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы оорукана курулду. Жакында пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын социалдык көйгөйүн жеңилдетүү максатында президенттин жеке колдоосу менен курулган.

75 орунга ылайыкташтырылган оорукананын курулушу толугу менен президенттин фондунан каржыланып, жалпы 100,56 миллион сом жумшалды.

Учурда курулуш толугу менен аяктап, керектүү эмеректери менен да камсыздалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан