Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Баткен облусуна болгон иш сапарында Кадамжай районундагы "Алгакадам" коомдук бирикмеси менен жолугуп, долбоордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалымдалгандай, “Алгакадам" 2022-жылы долбоору мамлекет жана жергиликтүүлөр ортосунда түзүлгөн инновациялык коом. Анын максаты Кадамжай районунун Кара-Жантак массивинде жайгашкан айыл чарба өндүрүшүнө жараксыз, дын жаткан тоо тектеш жерлерди агын суу менен камсыздоо.
"Долбоордун алкагында узундугу 25 чакырым болгон каналдын курулушу, анын ичинде жалпы узундугу 6535м болгон 3 тоннель куруу каралып, курулушка зарыл болгон 2 экскватор, 2 бетон аралашмасын жеткирүүчү атайын техника, 1 оор техникаларды жеткирүүчү трайлер, 1 асма кран, эн оор болгон тоннелдерди казуу бөлүгүнө шахта куруучу атайын техникалар алынган",-деп айтылат маалыматта.
Долбоор ишке ашса 4200 гектар жер өздөштүрүлүп, сугат суу менен камсыздалат жана 7600 дөй кожолук бул суудан пайдалана алат.
Белгилей кетсек, канал куруу долбоорун аяктоо 2024-жылдын декабрь айына пландалган.