Биз социалдык тармакта

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда жаңы бала бакчаны куруу иштери башталды

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Мурас-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушун баштады. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 2700 чарчы метр. Ал эми жердин аянты 1,6 гектарды түзөт.

"Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда котлованды казуу жана тосмолорун орнотуу иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан