Бишкек мэриясы Дордой конушунда канализациялык-насостук станцияны орнотуу менен канализация тармагын курууну улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, магистралдык канализация тармагынын узундугу 10,1 чакырымды түзөт.
"Учурда диаметри 200-150 миллиметр болгон асбест цемент басымсыз түтүктөрдү салуу жана диаметри 150 миллиметр темир-бетон резервуарын жана басымдуу канализация тармагын орнотуу иштери жүрүп жатат",-деп айтылат маалыматта.