Кыргызстандыктар 2024-жылдын 1-январынан 7-январына чейин эс алышы мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Бул документ 5 күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тиешелүү.
Ошондой эле кошумча дем алыш күндөрүн киргизүү сунушталууда:
- 2024-жылдын 21-мартынан 24-мартына чейин;
- 2024-жылдын 1-майынан 5-майына чейин.