
Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 3 саат аралыгында туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан туманга байланыштуу көрүү аралыгы 500 метрге чейин төмөндөйт.
"Урматтуу айдоочу, жолдо ылдамдыкты азайтып, унаалар ортосундагы аралыкты сактаңыз" деп айтылат маалыматта.