Биз социалдык тармакта

Кыштын алгачкы күнүндө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 1-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Ал эми күндүз айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +5…+10 даража,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9 градус болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12ге чейин жылуу болот.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-5, күндүз +2…+7.

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн бир аз жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +7…+9 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан