Келишимдин алкагында Түркия мамлекети Кыргызстандын бир жаранына пенсия чектеди. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда өлкөнүн Социалдык фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдан тартып Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.
"Келишимдин негизинде, азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 190 суроо-талап жиберилген, 186 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат.