Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өткөн башка имаратка көчтү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, имарат калаанын борбордук бөлүгүндө жайгашып, Эркиндик көчөсүндө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн (мурдагы шаардык сот жана прокуратура органы жайгашкан) имаратка көчүрүлдү.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери катышты.