Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев "элитный" сойкуларга депутаттар, чиновниктер дагы барганын айтып, аларга эскертүү берди (видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев сойкуканаларга барып, интимдик кызматты колдонгон депутаттар менен аткаминерлер дагы бар экенин айтып, аларга кайрылды.

Ташиев УКМК сойкуканаларга кимдер барып, эскорт кыздардын кызматынан пайдаланып жатканын аныктаганын кошумчалады. Анын айтымында, аныкталган адамдардын арасында депутаттар, учурдагы аткаминерлер, ишкерлер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер бар экенин айтты.

"Урматтуулар, силердин иш-аракеттериңер дагы эсепке алынды. Эми бул ишиңерди токтотпой, дагы алектене берсеңер жүзүңөрдү коомчулукка көргөзөбүз. Мен баарыңарга эскертем", - деди Ташиев.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда кыргыз кыздарынын интимдик кызматын эч ким пайдаланбашы керек.

Ташиев сойкуларга чиновниктер дагы барып жүргөнүн айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан