Бүгүн, 16-декабрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндары үчүн чүчү кулак ташталды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, өз тайпаларынан 1-орунду жана 2-орунду ээлеп чыккан 16 команда атаандаштарын тапты.
Эске салсак, март айында орун алуучу жарым чейрек финалдык оюндарда кездеше турган жуптар:
“Бавария” (Германия) – “Арсенал” (Англия)
“Атлетико” (Испания) – “Милан” (Италия)
“Барселона” (Испания) – “Манчестер Сити” (Англия)
ПСЖ (Франция) – “Байер” (Германия)
“Реал”(Испания) – “Шальке” (Германия)
“Челси” (Англия) – “Галатасарай” (Түркия)
“Боруссия (Д, Германия) – “Зенит” (Орусия)
“Манчестер Юнайтед” (Англия) – “Олимпиакос” (Греция)