"Ак шумкарлар" ФИФАнын жаңыланган рейтингинде бир сапка төмөндөдү

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФАнын жаңыланган дүйнөлүк рейтингинде октябрь айындагыга караганда бир сапка төмөндөдү. Рейтингди аталган уюм расмий сайтында жарыялады.

Анда "Ак шумкарлар" 208 өлкөнүн ичинен 98-орунга жайгашты. Ал эми АФКда (Азия Футбол Конфедерациясы) улуттук курама 46 орундун ичинен 16-сапта жайгашкан.

Рейтингде алдыңкы сапты Аргентина, Франция жана Англия ээледи.

Ал эми Азия Кубогунда Кыргызстан кирген "F" тайпасындагы командалардын рейтингинде Сауд Арабия 56-орун, Оман 74-орун жана Таиланд 113-орунду ээлешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан