Украиналык мушкер, "УДАР" партиясынын лидери Виталий Кличко WBC версиясы боюнча Дүйнө чемпиону наамынан баш тартты. Бул тууралуу украиналык басылмалар билдирет.
Маалыматка ылайык, Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин чечими боюнча Виталий Кличко аталган версия боюнча “Ардактуу чемпион” бойдон калат. Бул наам ага WBC версиясы боюнча жаңы чемпион менен беттеш өткөрүүгө шарт түзмөк. Бирок, мушкердин көбүрөөк убактысын саясатка арнап, учурда мекенинде болуп жаткан саясий окуяларга байланыштуу рингге кайтпайт.
Эске салсак, Виталий Кличко буга чейин украинанын президенттигине барарын бир нече ирет кабарлаган. Бул пикирин ал 16-декабрда дагы бир ирет билдирген.
Профессионалдык рингде биртууган Кличколордун улуусу 47 беттеш өткөрүп, 45 ирет жеңүүчү аталган.