Бишкекте 28 жаштагы жаран жылдыздардын катышуусунда концерт уюштурууну убадалап, 49 миң доллар алган. Ал кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБнен билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 19-октябрда милицияга К. Н. аттуу жаран 49 000 долларын алдатканын айтып, арыз менен кайрылган. Ал борбор калаанын "Бишкек аренасында" жергиликтүү жана чет элдик артисттердин катышуусу менен концерт уюштурам деген шылтоо менен ишенимине кирип, кирешенин 20-30 пайызын алууга убада берген. Андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209- бернеси (Алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде шектүү катары 1995-жылы туулган У.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан