Ошто интим кызмат көрсөткөн кыздар кармалды (фото)

Ошто интим кызмат көрсөткөн 7 кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 30-ноябрь күнү түнкүсүн Ош шаарынын жол бойлорунда жана массаждык салондордун атын жамынып элди тейлеп жүрүшкөн 7 “байыркы кесипке” шектүүлөр кармалышты.

Бул факт Ош ШИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кармалган кыз-келиндерден тиешелүү түшүнүк каттар алынды.

"Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары жана активисттер менен биргеликте иш алып барышат, интернет айдыңындагы бул бул багытта иштешкен жарандар текшерилип жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 30-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 1-декабрга чейин өлкөдөгү интим кызмат көрсөткөн түйүндөрдүн баарын жабуу тапшырмасын берген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан