Биз социалдык тармакта

Ишембиге карата аба ырайы тууралуу маалымат 

Эртең, 2-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Маалымдалгандай, айрым аймактарга туман түшүшү мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14 даража,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11 градус болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15ке жетет,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7.

Ал эми борбор калаа Бишкекте мжаан жаабайт, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан