Бүгүн, 2-декабрда Бишкектеги "Кудайберген" базарынын соодагерлери ККМге каршы экендиктерин билдирип, чогулушту.
Алар ККМге каршы экендиктерин, мурдагыдай эле патент менен иштөө ыңгайлуу экендиктерин айтышууда.
Эскерте кетсек, 30-ноябрда Бишкектеги "Дордой" базарында да митинг болгон. Ушул эле күнү "Мадина" базарынын соодагерлери да митингге чыгып, иш таштоо кылышкан.
Андан кийин нааразычылык акциялары Караколдо, Ошто дагы уланган.