Кечээ, 2-декабрда Германияда 2024-жылкы Европа чемпиондугунун тайпалык баскычына чүчү кулак ташталды.
Анда турнирдин кожоюну катары Германия автоматтык түрдө биринчи болуп "А" тайпасына кирди. Чүчү кулак аземинде жалпы 21 команда 6 тайпага бөлүндү. Европа чемпиондугуна дагы үч катышуучу плей-офф оюндарынын жыйынтыгы менен аныкталат.
А тайпасы: Германия, Шотландия, Венгрия, Швейцария;
В тайпасы: Испания, Хорватия, Италия, Албания;
С тайпасы: Словения, Дания, Сербия, Англия;
D тайпасы: Нидерланды, Австрия, Франция (төртүнчү команда аныктала элек);
Е тайпасы: Бельгия, Словакия, Румыния, (төртүнчү команда аныктала элек);
F тайпасы: Түркия, Португалия, Чехия (төртүнчү команда аныктала элек).