Төкмө акын Изат Айдаркулова эл аралык айтышта баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу "Манас" театрынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эл аралык айтыш бүгүн, 3-декабрда орун алды. Айтыш Казакстандын Караганды облусунда Каражал шаарынын 60 жылдыгына арналып уюштурулган.
Эл аралык айтышка Кыргызстандан төрт акын катышты. Анын ичинен:
Изат Айдаркулова - баш байге;
Акматбек Султан - 1-орун;
Асылбек Маратов - 2-орун;
Максат Кулуев - 3-орунга ээ болду.
Белгилей кетсек, Казакстанда өткөн айтышта алгачкы жолу кош байге коюлду.