Жалал-Абад шаарында кыздарды сойкулукка тарткан жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, Жалал-Абад шаарынын тургуну Э. аттуу тургуну интимдик кызмат көрсөтүү үчүн көмүскө жайларды мыйзамсыз уюштуруп, кыздарды иштетип жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жашыруун сексуалдык кызматтарды көрсөтүп жүргөн 5 кыз аныкталган. Алар 20 жаштагы М.Ж., 19 жаштагы Н.С. жана Ю.З., жана 26 жаштагы М.А., 40 жаштагы Г.Т., аттуу жарандар болгон.
"Алар интимдик кызмат көрсөтүү үчүн атайын социалдык тармак аркылуу өздөрүнүн сүрөттөрүн жүктөп, анкеталарын толтурушуп коомчулукка жарыялап, ар бир жарандан 2000 сомдон 10000 сомго чейин акча алып кызмат көрсөтүп келишкен", - деп билдиришти облустук милициядан.