Лондондук “Тоттенхэм” футболдук клубу башкы машыктыруучу Андре Виллаш-Боашты кызматынан бошотту. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 16-декабрда клубдун жетекчилиги кезексиз отурум уюштуруп, Виллаш-Боаш менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жолугушуунун жыйынтыгында 36 жаштагы адистин кызматтан кетүүсү боюнча чечим чыкты.
Эске салсак, “Тоттенхэм” 15-декабрда Англия Премьер-лигасынын 16-турунда өз үйүндө “Ливерпулга” 0:5 эсебинде утулган. 16 турдун жыйынтыгында “Тоттенхэм” 27 упай топтоп, лиганын 7-сабында келүүдө.
Андре Виллаш-Боаш “Тоттенхэмди” 2012-жылы июль айында машыктыра баштаган. Ага чейин лондондук “Челси” жана португалиялык “Порту” менен иштешкени бар.