Бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги "Дордой-Моторс" базарынын соодагерлери ККМге каршы экенин билдирип, базардын жанына митингге чыгышты.
Алар колдоруна "Элдин чөнтөгүнө кол салбагыла", "Патент системасын калтыргыла" деген жазууларды кармап, ККМге каршы экенин билдиришүүдө.
Эскерте кетсек, 30-ноябрда Бишкектеги "Дордой" базарында да митинг болгон. Ушул эле күнү "Мадина" базарынын соодагерлери да митингге чыгып, иш таштоо кылышкан.
Андан кийин нааразычылык акциялары Караколдо, Ошто дагы уланган.