Жалал-Абадда интимдик кызмат көрсөткөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, "Притон" аталышындагы ыкчам иш-чаранын негизинде Жалал-Абад шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде социалдык баракчасы аркылуу өзүн жарыялап, интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн жаран кармалган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам- иликтөө иштеринин натыйжасында жашыруун интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 23 жаштагы Тажикстандын Б.К. аттуу жараны аныкталган. Убактылуу жашап турган жери Чүй облусунун Кара-Балта шаары болгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.