Кыргызстандык боксчу Амантур Жумаев Армениянын Ереван шаарында өткөн өспүрүмдөр арасында бокс боюнча Дүйнө биринчилигинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
"Спорчу 52 килограммга чейинки салмакта катышып, Өзбекстан, Германия, Орусия жана польшалык атаандаштарын жеңип финалга жолдомо алган. Алтын медаль үчүн беттеште армениялык мушкерди жеңип, жаштар арасында Дүйнө чемпиону болду", - дейт билдирүүдө.
Бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы биринчилик 24-ноябрда башталган, 4-декабрда аяктайт.