Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, тилсиз жоону өчүрүүгө 13 эсеп бөлүм тартылган.
Сутка ичинде өрт катталган аймактар :
Бишкек шаарында - 2, Ош шаарында - 1, Ош облусунда - 1, Чүй облусунда - 4, Талас облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда- 2, Ысык-Көл облусунда - 1, Баткен облусунда - 1.
Учурда өрттүн себептерин тактоо иштери жүрүүдө.