Армениялык мушкер Арман Царукян UFC уюмунун беттешинде америкалык Бенеил Дариушту техникалык нокаут менен жеңип, чемпион Ислам Махачевге чакыруу таштады.
"Ислам башка деңгээлдеги мушкер. Биз төрт жыл мурун беттешкенбиз, анда мен жыйырма эки гана жашта элем, азыр жыйырма жетидемин. Мен андан бери мыкты болуп өзгөрдүм деп айта алам. Кийинки беттештерим башкача болот. Мен аны нокаут менен утам, ушуну менен бүттү", - деди Царкуян жеңишинен кийин эле октагондон.
Эскерте кетсек, Остин шаарында "UFC on ESPN 52" турниринин негизги беттешинде Арман Царукян менен Бенеил Дариуш беттешти. Анда Царкуян атаандашын биринчи бөлүктө эле нокаутка учуратты.