Кыргызстандын аймагында жасалма акча каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
"Бишкек шаарында трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү, жасалма акчаларды (Түркияда жасалган АКШ доллары) сатуу менен алектенген Кыргыз жарандары Ж.К.А. жана М.К.Т. кармалды. Тактап айтканда, кармалган адамдар чет мамлекеттердин (Өзбекстан жана Түркия) жарандары менен алдын ала сүйлөшүп, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагында жасалма акча каражаттарын алып сатууну жана жүргүртүүнү ишке ашырышкан", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагында контрафакттык акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын кеңири чөйрөсүн аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.