Биз социалдык тармакта

Бишкекте №102 жана №162 маршруткалардын ордуна жаңы автобустар жүрө баштады

Бишкек шаарында №102 жана №162 автобустар жүрө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, буга чейин бул каттамдарда кичи автобустар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номерлүү автобустар каттап баштады. Каттамдарды "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы тейлейт.

"№102 автобус Рухий-Мурас жаңы конушунан "Ош базарына" чейин каттайт. Узундугу 25,5 чакырым, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул каттамга 12 автобус чыгат. Ал эми №162 автобус 12-кичи районунан Новопокровка айылына чейин каттайт. Узундугу 46 чакырым, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул линияга 18 автобус чыгат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан