Токмок шаарында ККМ колдонууга каршы соодагерлердин митинги өтүүдө. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Анда Токмоктогу "Булак" базарынын ишкерлери митингге чыгышкан. Видеодон көрүнгөндөй, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү соодагерлерге кайрылган, бирок эл аларды укпай "Патент! Патент! Патент!" деп кыйкырышкан.
Бүгүн, 4-декабрда ушундай эле митинг Бишкекте дагы өттү. Анда "Дордой-Моторстун" соодагерлери митингге чыгышкан.