Биз социалдык тармакта

Бишкекте “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт

7-12-декабрь күндөрү Бишкекте “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүдө.

Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары келишет. Алар Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди коюшат.

Фестивалдын расмий ачылышы 7-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында өтөт. Башталышы саат 15:30.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан