Бир аптада 500гө жакын мас айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 27-ноябрдан 3-декабрга чейинки аралыкта 20 миң 762 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Маалымдалгандай, анын ичинде 494 айдоочу мас абалында рулга отурган.

Андан тышкары:

  • тийиштүү документи жок унаа башкарган 386 факты катталган;
  • автоунаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу - 63;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу - 1 136;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 2 964;
  • автоээнбаштык - 12;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 980;
  • жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу - 4;
  • башка эреже бузуулар - 11 723.

Инспекторлор тарабынан ар кандай жол эрежесин бузган 1 863 автоунаа айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан