"18 жашка чыга элек 8 кыз бар". Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн 250дөн ашык кыз кармалды (видео)

Бишкекте "Көпөлөк-притон" аталышындагы профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө интимдик кызмат көрсөтүп келгенге шектелип 250дөн ашык кыз кармалып, алардын ичинен 8 кыздын жашы жете электиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Бишкек ШИИББинен билдирди.

Маалыматка караганда, 30-ноябрдан баштап Бишкек шаарында “Көпөлөк” аттуу рейд өткөрүлүп, алгачкы үч күндө милиция кызматкерлери болжолдуу түрдө интимдик кызмат көрсөткөн кыздар иштей турган сауна, мейманкана жана ижарага алынган батирлерди текшеришкен. Алардан 250дөн ашык кыз кармалып, 8 жашы жете элек кыз аныкталды.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде 10 кылмыш иши козголгон. 2 кылмыш иши боюнча шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары укук бузууларды жасагандыгы үчүн 11 кыз соттун чечими менен административдик жоопкерчиликке тартылып, Бишкек ШИИББинин атайын кабыл алуучу жайына киргизилди.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан 60тан ашык сауна, массаж бөлмөлөрү, мейманканалар аныкталып, администраторлор жана ээлери суракка чакырылып, кылмыш жоопкерчилиги эскертилгени кошумчаланды.

"18 жашка чыга элек 8 кыз бар" Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн 250дөн ашык кыз кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан