Парадзюдо боюнча курама команданын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Японияда өтүп жаткан Эл аралык мелдеште алтын медаль утту.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, спортчу 48 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан.
Ал 1/4 финалдык баскычта монголиялык атаандашын жеңип, жарым финалда аргентиналык спортчуну артта калтырган. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште япониялык спортчуну жеңип, алтын медалдын ээси болгон.