Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы көчөлөрдүн бирине белгилүү аалым Чубак Жалиловдун ысымы ыйгарылды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, калаадагы ички жолду оңдоого мамлекеттик бюджеттен 9 миллион 600 миң сом бөлүнүп, учурда 950 метри бүткөрүлдү.
Анын ачылышына депутат Жеңишбек Токторбаев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.