Биз социалдык тармакта

Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова акталды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова толугу менен акталды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Жогорку Соттун 4-декабрдагы чечими менен Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Тилекова Мээрим Тилековна толугу менен акталды", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси 343-берененин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында 2022-жылдын 17-майында УКМК тарабынан кармалган. Ошол эле жылдын 11-сентябрында Тилекова Каракол шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан