Бишкекте автоунаа уурдоого шектелип 19 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте автоунаа уурдоого шектүү катары 19 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Октябрь РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-декабрда милицияга М.К. аттуу жаран кайрылган. Жабырлануучу ошол эле күнү саат 11:30 чамасында Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаасын уурдатып жибергенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (Автотранспорт каражатын басып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2004-жылы туулган М.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан