Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдүн Миң-Булак айылында жаңы мектептин курулушу башталды 

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Миң-Булак айылындагы Касмалиев атындагы мектептин жаңы имаратына капсула салуу аземи болуп өттү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, 150 орундуу жаңы мектеп “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен башталды.

"Бул айылдагы эски мектеп бала бакчага ылайыкталып, 1986-жылы курулган имарат болчу. Мектеп имараты спорт залы менен заманбап типте курулуп, кийинки жылы колдонууга берилери күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан