Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык мугалимдер так илимдер боюнча конкурста II орунду багындырды

Математика, физика жана информатика мугалимдеринин X эл аралык чыгармачылык конкурсунда Кыргызстандын мугалимдер командасы II даражадагы диплом менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чара 2-3-декабрда Алматы шаарында өтүп, ага Казакстан, Кыргызстан жана Орусиядан жалпы 284 мугалим катышты.

Кыргызстандан барган мугалимдер командасынын көрсөткөн жыйынтыгы:

  • Тимур Мамбетов – Бишкек шаарындагы Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, математика боюнча II даражадагы диплом;
  • Данияр Марлисов – “Брайт” Эл аралык мектеби, физика боюнча II даражадагы диплом;
  • Медер Осмонов – “Газпром Кыргызстан” мектеби, информатика боюнча III даражадагы диплом.

“Газпром Кыргызстан” мектебинин математика мугалими Мамат Ишматов 2021-жылдан тартып конкурстун калыстар тобунун мүчөсү болгон.

Мамат Ишматов 2019-жылы ушул эле сынакта математика боюнча 1-орунду ээлесе, Медер Осмонов 2021-жылы информатика боюнча 1-орунду алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан